Бишкек шаардык соту күйөөсүн өлтүрүп, жиликтеп салганы айтылган Айдай Субановага карата райондук соттун чыгарган өкүмүн күчүндө калтырды. Октябрь райондук соту аны "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 16 жылга эркинен ажыраткан.
2015-жылдын 14-августунда Бишкектин 5-кичирайонунда 34-35 жаштагы кишинин дене мүчөлөрү табылган. Кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалган. (UEz)