Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

“Улуттук энергохолдинг”: 2017-жылы жалаң жакшы көрсөткүчтөр менен чыктык


Бишкек жылуулук борбору.
Бишкек жылуулук борбору.

Быйыл 11 айда 13,322 млрд. кВт саат электр энергиясы иштелип чыккан. Бул былтыркыга салыштырмалуу 25% көп. Электр энергиясы үчүн керектөөчүлөрдөн чогулган акчанын өлчөмү да жалпысынан 11 862,9 млн. сомду түзүп, былтыркыга караганда 1 370,2 млн. сомго көп чогулду. Ал эми электр энергиясынын жоготуулары 0,5% азайган. Бул тууралуу "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын жетекчиси Айбек Калиев журналисттерге билдирди.

- Авариялык өчүрүүлөр да былтыркыга салыштырмалуу 17% азайды. Быйыл 5243 авариялык өчүрүү катталды. Дебитордук карыздар 6%, ал эми бюджеттик карыздар жыл башынан бери 17% азайды.

"Улуттук энергохолдинг" ишканасы быйыл Бишкек ТЭЦин оңдоо иштери аяктап, Токтогул ГЭСинде эки трансформатор жана эки кабел жаңыланганын. Бишкек, Ош шаарларында, Ош, Чүй, Талас облустарында көмөкчордондор алмашылып, жаңыланганын да белгилөөдө.

26-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын дарегине сын пикирлер айтылып, мекеме өз ишин жакшы алып бара албай жатканы белгиленген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG