Эки тараптын туткундарды алмашуусу 27-декабрда Донецк облусундагы Горловка шаарына жакын жайгашкан “Майорск” көзөмөл-өткөрмө бекетинде болду. Расмий өкүлдөр билдиргендей, натыйжада жикчилдер украин тарапка туткундагы 74 жоокерди өткөрүп берди. Ал эми украин өкмөтү жикчилдер тарапка алгач маалымдалгандай 306 эмес, 238 адамды өткөрүп берди. Анткени украин өкмөтүнүн камагында турган 48 адам туткундарды алмашуу жүргүзүлгөнгө чейин эле бошотулган, дагы 25 киши орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарга кайтып баруудан баш тартышкан.
Туткундан бошотулган жоокерлер менен жолугушуу үчүн Донбасска бүгүн эле президент Петр Порошенко да барганын анын басма сөз катчысы кабарлады.
27-декабрдагы окуя украин өкмөтү менен Орусия колдогон жикчилдер туткундарды акыркы 15 айга жакын убакыт ичиндеги алгачкы жана ири санда алмашуусу болду. Киевдин ырастоосунда, орусиячыл жикчилдер азыр да Украинанын кеминде 144 жаранын туткунда кармап турат.
Украина чыгышында 2014-жылдын апрель айынын ортосунан берки куралдуу жаңжалда өмүрү кыйылгандардын саны азыркыга чейин 10 300дөн ашты. (UE)