Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Үзүлгөн электр зымдары улаштырылууда


Бишкек. 27-декабрь, 2017-жыл.
Бишкек. 27-декабрь, 2017-жыл.

“Түндүк электр” ишканасы Чүй, Талас облустарында жана Бишкек шаарында электр жарыгын калыбына келтирүү иштерин улантат.

Ишкана өкүлдөрү "Азаттыкка" ​кечээ калың кардын айынан үзүлгөн электр зымдарынын 60 пайызы гана калыбына келтирилгенин билдиришти.

Аба ырайынан байланыштуу Бишкек жана Токмок шаарларынын, Чүй жана Талас облустарынын бир катар районунда электр зымдары карды көтөрө албай үзүлгөн. Оңдоо иштери караңгы киргенге чейин жүргөн, бүгүн да улантылат.

27-декабрдын таңында өлкөнүн бир катар аймактарында кар калың түшкөн, электр зымдары үзүлүп, жарык өчкөн.

Калың кардан Бишкек-Ош жолу да бир суткага жабылып, азыр трассадагы "Сосновка" жана "Арал" постторунда жалпысынан миңден ашуун машине топтолуп турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эки постто тең айдоочулар үчүн жылынуучу пункттар, ысык тамак уюштурулганын маалымдады. Төө-Ашууда калың карды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG