Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Өзбекстандын жаш режиссерлору Бишкекке келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекке өзбекстандык жаш режиссерлордун жоон тобу келди. 27-28-декабрда өтүп жаткан иш-чарада келген коноктор “Манас” кинотеатрында кыргыз көрүүчүлөрүнө өздөрүнүн кыска метраждуу тасмаларын сунуш кылып, кино адистерин даярдаган окуу жайлардын студентери менен таанышып, кыргыз-өзбек жаш режиссерлорунун жыйыны өтөт. Бул тууралуу “Азаттык” үналгысына КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов билдирди.

Коңшу өлкөнүн жаш режиссерлору тарткан тасмалар негизинен адамзат үчүн тынчтык зарыл экенин көрсөтүп, жаратылышты коргоого, мекенди сүйүүгө, үй-бүлөнү урматтоого чакырат, миграция көйгөйлөрүн камтыйт. Кыргызстандык жаш кинорежиссерлор кесиптештери жараткан тасмаларды жогору баалап, каржы, техника жана адискөйлүк жагынан олуттуу маани берилгенин айтып жатышат.

Кыргыз-өзбек жаш режиссерлорунун Бишкекте 27-28-декабрга белгиленген иш-чарасы быйыл 13-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясынын Ташкенттеги иш сапарында кол коюлган келишимдеринин алкагында өтүп жатат. Анткен менен кыргыз-өзбек кино ишмерлери акыркы жылдары бир нече иш-чараларда чогуу болуп, кызматташууга умтулуп келет. Мисалы 2015-жылы "Ак илбирс" улуттук кинофестивалынын атайын сыйлыгы Али Хамраевге берилсе, былтыр ал фестивалдын "Борбор Азиянын мыкты актрисасы" наамы Феруза Саидовага ыйгарылган. (ZA)

XS
SM
MD
LG