Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 11:56

29-декабрга карата аба ырайы


Кыш.

28-29-декабрында жаап өткөн карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунда кар көчкү түшүшү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эртең 29-декабрда республиканын аймагында жаан жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...5;

Таласта түнкүсүн -7...-12, күндүз -4...1;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -6...-11, күндүз 2...7;

Баткенде түнкүсүн түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...5;

Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -1...-6 градуска чейин жогорулайт.

29-декабрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, мезгил-мезгили менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -7…-9°, күндүзгү жогорку температурасы 3…5° суук болот.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG