Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:05

“Манас” аэропортунда “электрондук дарбаза” ишке кирди


"Манас" аба майданы.
"Манас" аба майданы.

Бүгүн, 28-декабрда “Манас” эл аралык аэропортунда “электрондук дарбаза” системасы премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусунда ишке кирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоевдин айтымында, эми Бишкекке учуп келген, биометриялык паспорту бар кыргызстандыктар паспорттук көзөмөлдөн автоматтык түрдө өтүшөт. Биометриялык паспорт жабдыкка көрсөтүлүп, бармак изи басылганда гана электрондук дарбаза ачылат. Бул система биометриялык паспорту бар кыргызстандыктар үчүн гана иштейт. Каттоо кызматы "келечекте ал чет өлкөлүк жарандар үчүн да ишке кирет" деп ишендирип жатат.

Буга чейин Мамлекеттик чек ара кызматы өлкөгө кирген жарандарды кол менен текшерип келишкен. “Электрондук дарбаза” системасындагы маалыматтар Мамлекеттик чек ара кызматынын сервери аркылуу көзөмөлдөнүп турат.

XS
SM
MD
LG