Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 11:59

Новосибирск: коллеж студенттерге сакал-мурут коюуга жана татуировкага тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт.

Новосибирск өндүрүш коллежинде билим алуучуларга сакал-мурут коюуга, дене боюна сүрөт тартууга жана танапис маалында коллеждин имаратынан сыртка чыгууга тыюу салынган.

Новосибирск облустук прокуратурасына студенттердин биринин ата-энеси арыз менен кайрылган. Прокуратура окуу жай “Орусиянын жарандарынын өлкөнүн аймагында ээн-эркин жүрүү укугун” бузууда деп аныктаган. Ошондой эле прокуратура сакал-мурут, татуировкага тыюу салуу жарандардын жеке эркиндигин бузуу деп баалап, коллеждин жетекчилигине эскертүү берген.

Новосибирск коллежи - окуучуларды техникалык кесиптер боюнча даярдаган мамлекеттик мекеме. Окуу жай менен Билим берүү министрлиги прокуратуранын чечимине расмий жооп бере элек.

XS
SM
MD
LG