Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 16:08

Жарандык активист Жогорку Соттун алдында акция өткөрдү


Адил Турдукулов Жогорку соттун алдындагы акцияда

"Cөз эркиндигин коргоо комитети” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Адил Турдукулов Жогорку Соттун алдына чыгып, доого жыгылган журналисттер жана редакцияларга жардам иретинде акча чогултуу акциясын өткөрдү.

Ал "бир топ медиа мыйзамсыз чечимдер менен 40 миллиондой айыпка жыгылганы туура эмес экенин судьялар да сезиши керек" деп билдирип, акцияны Жогорку Соттун имаратынан алдында уюштурду.

Турдукуловдун айтуусунда, 20-декабрдан бери 20 миң сомго чукул каражат топтоду. Бул акча доого жыгылган тараптарга берилмекчи.

Буга чейин Кыргызстандын журналисттеринин эркин биримдиги Кыргызстанда он жети медиа жана эл аралык уюм соттун чечими менен доого жыгылган журналисттерге каражат топтогонун билдирген. Маалыматка караганда, Zanoza.kg сайтына, журналисттер Нарынбек Идиновго (Нарын Айып), Дина Масловага жана башкаларга жардам берүү боюнча акциянын мөөнөтү чектелбейт.

Башкы прокурордун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык, Zanoza.kg сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу соттун чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15, Нарын Айып 9, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү болгон. Ушундай эле өңүттөгү кине менен “Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

Андан тышкары “24.kg” агенттиги менен журналист Кабай Карабеков “азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине далилсиз маалыматтарды таратты” деп, 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG