Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Баткен: эки тонна бузулган торт Тажикстанга кайтарылды


Бишкектеги 8-март майрамы. Архивдик сүрөт.
Бишкектеги 8-март майрамы. Архивдик сүрөт.

Баткендин базарларынан тез бузулуучу эки тонна тамак-аш Тажикстанга кайтарылды. Мындай маалыматты өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун борборундагы базарды атайын адистер текшерип, анда Тажикстандан келген торт жана кондитердик азыктар бузулуп кеткени аныкталган. Эки тоннага жакын азыктар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы Кызыл-Бел чек ара өткөрмө бекетиндеги санитардык көзөмөл-өткөрүү жайынан артка кайтарылган.

Баткен облусунун аймагында кондитердик азыктарды чыгаруучу 26 чакан ишкана иштейт. Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, бул ишканалардан чыккан азыктар облус калкын тейлөөгө кенен жетет жана бардык нормаларга шайкеш келет. (JsA)

XS
SM
MD
LG