Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:10

Бишкек-Ош жолундагы «Сосновка» постундагы чектөө алынды


Бишкек-Ош жолундагы «Сосновка» постундагы чектөө алынды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 29-декабрда Бишкек-Ош унаа жолунун жол тыгындары болгонуна байланыштуу Токтогул районунун "Арал" постунда чоң оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген. Ал эми кечинде Жайыл районундагы “Сосновка” постунда бардык унаалар үчүн чектөө киргизилген.

Бүгүн таңга маал «Сосновка» постундагы чектөө алынды, бирок унааларды 500 метр аралыкта чектөө өткөрүлүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолго чыгууга камданган айдоочуларды этият жана белгиленген аралыкты сактоого чакырууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG