Бишкекте жаңы жылдык иш-чаралар жалпысынан тынч өттү. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Ала-Тоо аянтына келгендер үчүн майрамдык концерт уюштурулуп, шаар мэри Албек Ибраимов куттуктоо сөзүн айтты. Иш-чара майрамдык фейерверк менен жыйынтыкталды.
Майрамдын коопсуздугун 2000 милиция кызматкери камсыз кылып турду.
Отузга жакын бала көпчүлүктүн арасында адашып кетип, милициянын жардамы менен баары тең жакындарына өткөрүлүп берилди. (RK)