Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

Иран президенти «мыйзамдуу сын-пикирди» колдой турганын айтты


Тегеран. 2017-жылдын 31-декабры.
Тегеран. 2017-жылдын 31-декабры.

Ирандын президенти Хасан Роухани өлкөдө төрт күндөн бери уланып жаткан нааразылык акциялары боюнча билдирүү жасады. Министрлер кабинетинин жыйынында сүйлөп жатып ал зомбулукту жана коомдук коопсуздукка залака тийгизүүнү айыптады, бирок өкмөттү "мыйзамдуу сын жана нааразылык билдириш үчүн мүмкүнчүлүк түзүүгө” чакырды. Ал ошондой эле Иран ар бир жаран өз көз карашына ээ боло алчу эркин өлкө болушуна үндөдү.

31-декабрда Ирандын бийлиги Интернеттеги "Instagram" социалдык түйүнүнө жана "Telegram" мессенжерине тыюу салган. Муну ал “жарандардын коопсуздугун жана жалпы тынчтыкты камсыз кылуу” максаты менен түшүндүргөн. 30-декабрда Тегеранда өткөн нааразылык акцияларында 200 киши камакка алынган, алардын 40ка жакынын бийлик “мыйзамсыз жыйындардын баштоочулары” деп атаган.

Ирандагы баш-аламандыкка байланыштуу Германия 31-декабрда бул өлкөнүн жетекчилигин демонстранттардын укугун коргоого жана нааразылык акцияларына байланыштуу акыл-эстүүлүктү сактоого чакырган.

Нааразылык акциялары Ирандын бир нече шаарында 28-декабрда башталган. Алгач алар өлкө жетекчилигинин экономикалык саясатына каршы багытталып, кийин өкмөткө карата нааразылык менен уланды. 30-декабрда Доруд шаарында акцияга чыккан эки киши каза болгон. Өлкөнүн бийлиги буга өзүн “Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топту айыптоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG