Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:01

Орусиянын резерв фонду ишин токтотту


Орусиянын финансы министри Антон Силуанов.
Орусиянын финансы министри Антон Силуанов.

1-январдан тартып орус бюджетинин кошумча кирешелери Улуттук баалуулуктар фондуна багытталмакчы. Резерв фонду кирешелер кескин азайып кеткен учурда бюджет таңкыстыгын толтуруу милдетин аткарып келген. Орусиянын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр 1-декабрда резерв фондунда 995 миллиард рубл бар эле.

Эки фонд тең тогуз жыл мурун Туруктуулук фондун бөлүүнүн натыйжасында пайда болгон.

Улуттук баалуулуктар фонду шарттуу түрдө экиге бөлүнгөн, бир бөлүгү пенсияларды төлөөгө, экинчиси инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого багытталган. Өлкөнүн башкы финансисти Антон Силуановдун берген баасы боюнча, 1-январда фонддун каржылык суммасы 2,8 триллион рубль болууга тийиш.

XS
SM
MD
LG