Линктер

шаршемби, 17-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:55

ӨКМ: Майрамдык эс алуу күндөрү аба ырайы дээрлик өзгөрбөйт


Кыш.

Жаңы жылдык эс алуу күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайы дээрлик өзгөрбөйт. Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, бейшембиге чейин жаан-чачын болбойт.

4-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. 5-6-январда кар кээ бир райондордо жаайт.

7-январда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы мүмкүн. 8-январда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы да өзгөрбөйт. Бүгүн, синоптиктердин билдиргенине караганда, Бишкекте абанын табы +5 болуп турат.

XS
SM
MD
LG