Украинага кирүүдө биометрикалык көзөмөл тартиби иштей баштаган алгачкы суткада 3 300 чет элдик өттү. Алардын ичинен 1900 киши – Орусиянын жарандары. Бул тууралуу Украинанын Ички иштер министрлиги билдирүүдө.
71 өлкөнүн жарандары үчүн чек арада биометрикалык маалыматтарды текшерүү системасы Украинада 2018-жылдын 1-январынан тартып иштей баштады.
Мындай көзөмөлдү сыноо режимин Украина Орусия менен чек арасында 27-декабрда эле өткөргөн.
Бирок бул эреженин Орусия тарабынан аннексияланган Крымда жашаган украин жарандарына тиешесеси жок.
Мындан тышкары, Украинага келген чет элдик мамлекет жана өкмөт башчыларынын, парламенттик жана өкмөттүк делегациялардын мүчөлөрүнүн, он сегиз жашка чейинкилердин, круиз менен жүргөн туристтердин, дипломатиялык кызматкерлердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн биометрикалык маалыматтары да текшерилбейт.
Чек арадан биометрикалык маалыматтарды текшерүү эрежесин Украинанын Коопсуздук жана коргонуу кеңеши 2016-жылдын жайында эле кабыл алган.
Киевдин бул кадамын расмий Москва сынга алган болчу. (UE)