Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:37

Ашхабад аэропортунда дары-дармек өткөрүлбөй жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ашхабад аэропортунда бажы кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн кол баштыктарын мажбурлап текшерип, дары-дармектерин алып коюуда.

"Кышкы эс алууга Беларустан келе жатканда Ашхабад аэропортунда мени бажы кызматкерлери чакырып, баштыгымды аңтарышты. Анда апамдын жүрөк оорусу үчүн «Корвалол», «Валидол», баш оору үчүн «Цитрамон» менен «Парацетамол» бар болчу. Дарыкананын чеги дагы бар эле. Ага карабай, протокол түзүп, "айыппул салабыз" деп коркутуп, дарыларды алып коюшту", – деди Беларустагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган студент.

Анын айтымында, бажы кызматкерлери дары-дармек алып кирүүгө тыюу салган документтерди көрсөтүшкөн эмес.

Түркмөн бийлиги бул айтылгандар тууралуу расмий маалымат берген жок.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы өз булактарына таянып кабарлагандай, Түркмөнстанда медициналык каражаттар, дары-дармектер тартыш болуп, айрым аймактарда инъекция үчүн ийне дагы табылбай калган учурлар бар. 2017-жылы бул өлкөдө дары-дармектер бир нече жолу кымбаттаган.

XS
SM
MD
LG