Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 22:02

Доналд Трамптын шайлоо штабын жетектеп турган Пол Манафорт шаршембиде атайын прокурор Роберт Мюллерди жана Юстиция министрлигин сотко берди. Манафорт прокуратуранын ага коюп жаткан айыптар АКШдагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсүнө тиешеси жок экенин билдирди.

Атайын прокурор Роберт Мюллер жана ФБРдин тергөө тобу президенттикке талапкер Доналд Трамптын айланасындагы адамдардын Орусиянын өкүлдөрү менен байланышын иликтешкен. Алар Кремлдин АКШдагы шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүнө байланыштуу бул адамдардын аракеттерин иликтөөгө башкы прокурордун орун басарынан уруксат алышкан. Пол Манафортко тагылган айыптардын бири анын мурдагы украин президенти Виктор Януковичтин кеңешчиси болгонуна байланыштуу болгон. Манафорт мындай дооматты мыйзамсыз деп эсептейт.

Атайын прокурордун иликтөөсү боюнча, Доналд Трамптын шайлоо штабынын төрт кызматкерине түрдүү айыптар тагылган. Бирок алардын эч кимиси "орус бийлигинин өкүлдөрү менен кызматташкан" деп айыпталган жок.

XS
SM
MD
LG