Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 17:14

Өкмөткө каршылык билдирип нааразылыкка чыккан ирандыктар "өз эркиндиги үчүн күрөшүн улантса" Кошмо Штаттары аларга зор колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу "Америка добушу" радиосуна курган маегинде АКШ вице-президенти Майк Пенс билдирди.

"Адегенде Иран дүйнөдөгү терроризмди колдогон башкы өлкө экенин эске алуу өтө маанилүү. Бийлик адам укуктарынын корголушуна жол бербөө менен өз жарандарын кыйнап эле тим болбостон, терроризмди бүтүндөй чөлкөмгө жайып, кооптуу дестабилдештирүүчү күч бойдон калууда. Демек, Иранда өзгөрүүнү талап кылып адамдар көтөрүлгөн жагдай эркиндикти сүйгөн ар бир америкалыкка жана дүйнөдөгү бардык адамдарга жакын болушу керек", деди Пенс.

Ал президент Трамп нааразы ирандыктарга колдоо билдирип, демонстранттардын өлтүрүлүшүн, социалдык түйүндөрдүн жабылышын сындаганын Американын эркин дүйнөдөгү лидерлигине төп келет деп баалоодо.

Иран бийлиги аны ички ишибизге кийлигишүү деп баалап, БУУ Коопсуздук кеңешине жана баш катчысына кат жазды. Бул үчүн Вашингтонду сынга алууну өтүндү.

Ирандын шаарларында 28-декабрда башталган өкмөттүн экономикалык, саясий ишмердигине каршы нааразылык дале басыла элек. Ортодо чыккан кагылыштарда өлгөндөр 22ге жеткени, миңдей адам кармалганы кабарланууда.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG