Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:52

Ошто көп кабаттуу үйдөн кулап каза болгон жарандын өлүмү иликтенүүдө


12 жана 16 кабаттуу үйдүн алыстан көрүнүшү. Ош шаары.
12 жана 16 кабаттуу үйдүн алыстан көрүнүшү. Ош шаары.

Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу үйдөн кулап каза болгон жарандын өлүмү боюнча иликтөө башталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, ал турак жайдын 11-кабатындагы балкондон 3-январь күнү эркек киши кулап түшүп, мүрт кеткен. Анын жашы 28де экени аныкталды. Ал өз өмүрүн кыюу максатында бийиктен секирген деп божомолдонуп жатат. "Мас болуп кулап кетиши мүмкүн" деген да божомолдор бар.

16 кабаттуу үй курулгуча ал 12 кабаттуу үй шаардагы эң бийик имарат катары саналып келген. Анын коммуникациялык түтүктөрү иштебей калгандыктан, шарты өтө начар абалда деп эсептелет.

Ош шаарында жалпысынан 650дөй көп кабаттуу үй бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG