Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:42

Грузиянын соту Михаил Саакашвилини сыртынан үч жылга кести


Cаакашвили Киевдеги апелляциялык сотто сүйлөп жатат. 3-январь, 2018-жыл.
Cаакашвили Киевдеги апелляциялык сотто сүйлөп жатат. 3-январь, 2018-жыл.

Тбилисинин соту экс-президент Михаил Саакашвилини үч жылга түрмөгө кескен өкүм чыгарды. Бул экс-президентке чыккан биринчи сот өкүмү жана анын негизинде эми Саакашвилини Украинадан өз мекенине экстрадициялоого жол ачылат.

Экс-президенттин тарапташтары соттун чечимин саясий мүнөздө деп айыпташты.

Өкүм 2006-жылы Тбилисидеги ресторанда өлтүрүлгөн банк кызматкери Александр Гиргвлианинин иши боюнча чыкты. Прокуратуранын версиясы боюнча Саакашвили тергөөнү бурмалоого көмөктөшкөн жана банкирди өлтүргөн кишиге мөөнөтүнөн мурда кечирим берген.

Гиргвлианинин иши Адам укуктары боюнча Европа сотунун талабы менен убактылуу токтотулган эле.

Саакашвилиге каршы мындан башка дагы бир нече кылмыш иштери козголгон. Мурунку президент "ишкер Валерий Гелашвилиге кол көтөргөн, 2007-жылы нааразылыкка чыккандарды күч менен кубалап тараткан жана мамлекеттик бюджеттин каражатын короткон" деген иштердин алкагында айыпталып жатат.

Саакашвили 2013-жылы Грузиянын президенттигинен кетип, студент кезинде чогуу окуган президент Петро Порошенконун командасына кошулган.

Порошенко Саакашвилиге 2015-жылдын 30-майында украин жарандыгын берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган.

2016-жылдын этегинен бери Саакашвили укриан бийлигине каршы оппозициялык маанайга өтүп, саясий реформаларды талап кылган митингдерди өткөргөн.

XS
SM
MD
LG