Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

АКШ БУУнун Коопсуздук кеңешинде Ирандагы демонстранттарды колдоду


Никки Хейли
Никки Хейли

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Ирандагы акыркы кырдаалды талкуулады. Анда АКШ Ирандын көпчүлүк шаарында өтүп жаткан нааразычылык акциясынын катышуучуларын колдоого аларын маалымдады.

“Жарандык коом адам укугунун ажырагыс бөлүгү. Иран режими мындан ары биздин көзөмөлдө болот. Бийликтин эмне кылып жатканын бүт дүйнө көрүп турат" - деди АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли. Ал адам укугун сыйлоо – бул коопсуздук жана тынчтыктын башаты экенин, адамдар өзүнүн негизги укугунан ажыраганда өлкө туруктуулугуна шек жараларын кошумчалады. “АКШ эркиндик үчүн чыгып жаткан ирандыктарга жөлөк болот” – деди Хейли.

Анткен менен Коопсуздук кеңешиндеги айрым өлкөлөр БУУ Ирандагы абалды талкуулаган аянтчага айланганын сындады. Мындай көз карашты кармангандардын арасында Франция, Кытай, Швеция өңдүү өлкөлөр болду. Ал эми Орусия менен Ирандын элчилери “АКШ Коопсуздук кеңеши аркылуу Ирандын ички ишине кийлигишип жатат” - деп айыптады. Бирок, мындай сөзгө Улуу Британия менен Нидерландия каршы чыкты.

Иранда бир жумадан берки саясый системага жана бийликтеги коррупцияга каршы нааразылык акцияларындагы кагылыштарда 22 адам өлдү. Жүздөгөн адам камалды. Иран бийлиги акцияга 40 миңден ашык адам чыкканын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG