Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Кадамжайдагы жол кырсыгынан беш киши жабыркады


Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Кадамжай-Кызыл-Кыя автожолундагы жол кырсыгынын кесепетинен 5 киши ар кандай деңгээлде жаракат алышты. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жол кырсыктарынын алдын алуу бөлүмүнүн инспектору Чолпонбай Арстанбеков “Азаттыкка” билдирди.

Жол кырсыгы 7-январь күнү кечинде болгон. Автоунаадагы 30 жаштагы жарандын буту сынып, мээсинен жаракат алган, 45 жаштагы тургундун мээси жабыркаган жана 43 жаштагы жарандын денесинде сынык бар экени аныкталды. Дагы эки тургун жеңил жаракат алган. Алар ооруканада дарыланууда.

Учурда окуяга байланыштуу тактоо иштери улантылып жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG