Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:32

Өзбекстанда ажылыкка жаңы чектөөлөр киргизилди


Меккеге аттанган өзбекстандыктар.
Меккеге аттанган өзбекстандыктар.

Өзбекстанда жарандардын Меккеге ажылыкка экинчи жолу барышына чектөөлөр киргизилип, талапкерлерди тандаш үчүн жаңы эрежелер аныкталды. Алардын ичинде ажыга барууну каалагандар "жаман жолго түшкөн адамдарды кайра оң жолго салуу иштерине жигердүү катышуусу" керек экени белгиленген.

6-январдагы өкмөттүн токтомунда мындан ары буга чейин ажыга баргандар экинчи жолу бара албай тургандыгы жазылган. Ошондой эле жаңы тартипке ылайык, кичи ажылыкка барууну каалагандар акыркы эки жылда умрага же акыркы беш жылда ажыга бара элек болушу зарыл.

Токтомдо зыяратка барууну каалагандар кезек күткөндөрдүн тизмесине кириш үчүн атайын топ тарабынан уюштурулчу тандоодон өтөөрү көрсөтүлгөн. Ал топко райондун акими, маале имамы, маале төрагасы жана анын диний агартуу боюнча кеңешчиси кирет.

Өзбекстанда жыл сайын кеминде 20 миң адам ажыга барат.

XS
SM
MD
LG