Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Жээнбеков: бир да арыз кароосуз калбашы керек


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдар жарандардын арыз-даттанууларына токтоосуз жооп бериши керек экенин билдирди. Ал мындай оюн бүгүн Коопсуздук кеңешинин катчысынын 1-орун басары Дамир Сагынбаевди, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиевди жана кеңешчилери Жеңиш Разаков менен Асылбек Кожобековду кабыл алганда айтты.

Жолугушууда Коопсуздук кеңешинин кийинки жыйынына даярдыктар жана 2018-жылдагы иш пландар талкууланды. Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңеши буга чейин кабыл алган ички иштер органдарын реформалоо, саясий коррупцияны жоюу жана жол коопсуздугун камсыздоо сыяктуу чечимдерине ревизия жасоону жана жасалган иштерге баа берүүнү тапшырды. (UEz)

XS
SM
MD
LG