Линктер

шейшемби, 16-январь, 2018 Бишкек убактысы 15:34

"Фергана" маалымат агенттигине иликтөө материал даярдаган журналист Элнура Алканова БТА банкындагы жашыруун маалыматтын ачыкка чыгышы боюнча кылмыш ишинде күбө суракка чакырылганын "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал 8-январда Экономикалык кылмыштарга каршы кызматка сурак берип чыккан. Журналист күбөгө чет мамлекетке чыгууга тыюу салуу чарасынын колдонулушу түшүнүксүз болуп жатканын айтууда:

- Мен: “Күбөгө карата эмне себептен мындай чара колдоносуңар?” десем: “Биз тергөө органы катары өз ыктыярыбыз менен ушундай чараны колдоно алабыз” деп түшүндүрүштү.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдирүү менен чектелди. Бул мекеменин чечими менен Элнура Алканованын Кыргызстандан сыртка чыгышына тыюу салынган эле. Ага чейин "Фергана.ру" сайтында жарыяланган Алканованын иликтөөсүндө "банк сырын ачыкка чыгаруу фактысы орун алган" деген айып менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталганы кабарланган.

Былтыр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Бул иш боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мүлктү сатууда мыйзамсыз иштер бар экенин, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазган. Андан соң премьер-министр чуулгандуу "Идеал хаус" шаарчасына байланышкан видеороликти жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG