Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Парламент комитети Муканбетовдун талапкерлигин колдоду


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети вице-премьер-министрликке Санжар Муканбетовдун талапкерлигин колдоду. Аны комитетке биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев тааныштырды.

Муканбетов ушул тапта Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматты жетектейт. Ал Улуттук банктын жетекчиси болуп дайындалган Толкунбек Абдыгуловдун ордуна көрсөтүлүүдө. Эгер парламент Муканбетовдун талапкерлигин жактырса, ал экономикалык блокту, банктарды, киреше-чыгаша маселелерин көзөмөлдөйт. (UEz)

XS
SM
MD
LG