Орусиянын Томск шаарында ОМОН жана улуттук гвардия миграция борборунун жанында кезекте турган адамдарды кууп таркатты. Күбөлөр полиция электрошокер колдонгонун айтып беришти.
Орусияда убактылуу жашоого уруксат алууну каалаган чет өлкөлүк жарандар үч күн мурун эле кезекке тура башташкан. Активисттер 800 кишинин тизмесин түзүп, адамдар күнүгө келип катталып турушкан. Бирок бүгүн миграция борборунун жанына эки миңге чукул киши келген. Адамдын көптүгүнөн тыгылыш пайда болгон. Натыйжада борборго тартип коргоочулар жөнөтүлгөн.
Быйылтан тартып Орусия убактылуу жашоого берилчү уруксатка квотаны кыскартты. Эми мурдагыдан 20 миңге аз уруксат берилмекчи. Томск облусуна 1 миң гана орун каралган.