“Кыргыз гидрометтин” билдирүүсү боюнча, 10-январда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоң, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 3...8;
Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз 1...6;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6;
Нарында түнкүсүн -15...-20, күндүз -3…-8;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -8…-13
Бишкекте кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3...-5 суук, күндүзгү жогорку температурасы 5...7° жылуу болушу күтүлөт. (ErN)