Хоккей боюнча Жумгал районунун ачык чемпиондугу 13-14-январь күндөрү Миң-Куш шаарчасында болот.
Хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Мурат Жакыповдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, мелдешке Нарын, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан жалпы он эки команда катышат.
Хоккей боюнча Жумгал районунун ачык чемпиондугу негизделгенине быйыл 20 жыл болот. Бул мелдеш алгач Чаек айылындагы Шортон көлүндө 1998-жылы уюштурулган. (ECh)