Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Булан институту №32 мектептин директоруна сөгүш берүү жетишсиз деп эсептейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тынчтык инновациялары боюнча Булан институтунун директору Чолпон Орозобекованын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, окуудан чыгарылган баланын окуясына байланыштуу Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын чечими менен №32 мектептин директору Асел Сыдыкова сөгүш алды. Институт ага сөгүш берүү жетишсиз, ошентсе да бул окуя мектептерде окуучулардын укуктарынын тепселишине каршы сабак болушу керек деп эсептейт.

Буга чейин Булан институту Бишкек шаарындагы №32 мектепте былтыр октябрда мугалимдер кеңешинде төрт окуучу "начар окуйт" деген жүйө менен окуудан чыгарылганын, муну менен мыйзам бузулганын жарыялаган. Натыйжада окуучулардын бири, 9-класста окуган бала бир нече күн сабакка да, үйүнө да барбай жоголуп кеткени, ага чейин ал мектеп фонду талап кылган акчаны бере албаганы үчүн теңтуштарынын көзүнчө класс жетекчисинен жана мектеп директорунан жеме угуп жүргөнү белгилүү болгон. Окуучунун энеси мектептеги акча чогултуудан улам баласы чүнчүп, сабакты таштап койгонун айткан. Окуя боюнча Булан институту Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигине, Бишкек шаардык мэриясына жана шаардык билим берүү башкармалыгына кайрылган. Институт мектептеги акча чогултууну текшерип, тиешелүү адамдардын жоопкерчилигин карап чыгууну талап кылган. Бишкек мэри Албек Ибраимовго да кайрылуу жиберилген, бирок азырынча жооп келе элек.

Кыргызстанда 2236 орто мектеп бар. Алардын дээрлик бардыгында "Класстык фонд", "Мектеп фонду" же "Камкордук кеңешинин фонду" сыяктуу ата-энелерден акча чогултуучу фонддор бар. (NT)

XS
SM
MD
LG