Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:07

Нарында хоккей боюнча эл аралык таймаш өтүп жатат


Мелдештер 11-январда жыйынтыкталат.

Нарын шаарында хоккей оюну боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат. 40 жаштан өткөн ардегер хоккейчилердин арасында уюштурулган бул таймашка төрт команда катышууда.

Алар Орусиянын Челябинск шаарынан, Казакстандын Алматы шаарынан жана Кыргызстандын аймактарынан келген командалар.

Оюн 9-январда башталган, финалы 11-январда өтөт.

Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесинин алкагында өтүп жаткан бул таймашта азырынча Орусиянын хоккейчилери алдыда келе жатат. Ардагер спортчулардын мындай эл аралык беттешүүсү Нарын шаарында алгачкы жолу уюштурулду. (MiK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG