Пакистандын Кветта шаарында шейшембинин кечинде болгон жардыруу жети кишинин өмүрүн алып кетти. 23 киши жарадар болду.
Маалыматтарга караганда, жанкечти өзүн полиция унаасынын жанында жардырып жиберген. Окуя Балучистан чөлкөмүнүн парламенти жана башка өкмөттүк имараттар жайгашкан райондо болгон. Өлгөндөрдүн бешөө полиция кызматкерлери.
Өткөн айда Пакистандын түштүк чыгышында христиандардын чиркөөсүндө жанкечтинин жардыруусунан тогуз киши өлгөн. Ал теракт үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу өзүнө алган.