Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Жогорку Кеңеште абанын булганышы жана жол коопсуздугу каралат


Бишкектин азыркы абалы.
Бишкектин азыркы абалы.

Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясы бүгүн Бишкектеги абанын булганышынын себептери, өкмөттүн жол коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча аракеттери тууралуу маалымат угат.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, депутаттардын суроолоруна Ички иштер министрлигинин, Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчилери, экономика министри, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы, Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин башчылары жооп беришет.

Сөз болуп жаткан фракциянын депутаттары айлана-чөйрөнүн булганышын азайтыш үчүн гибриддүү кыймылдаткычы бар автоунаалардан алына турган бажы алымдарын азайтууну, электр кыймылдаткычтуу транспортту бажы төлөмдөрүнөн бошотууну сунуш кылып жатышат.

Буга чейин экологдор Бишкекте абанын булганышы нормадан 2-3 эсе ашып кеткенин билдирип чыгышкан. Буга эски автоунаалардын көбөйүшү да түрткү болгону айтылып келет.

XS
SM
MD
LG