Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:44

Үй-бүлөдө зомбулук көргөн аялдарга майрам уюштурулду

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, аялдардын 23% зомбулукка кабылат.
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, аялдардын 23% зомбулукка кабылат.

“Айкын багыт” укук коргоо уюму менен жарандык активисттер үй-бүлөдө зомбулук көргөн аялдарга жаңы жылдык майрам тартуулашты. Майрамга 55 аял балдары менен катышты. Алардын арасында жалгыз бой эне, ажырашып жаткандар, ала качууга дуушар болгон же зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндер бар.

Иш-чара үч бөлүктөн турду. Алгач аялдарды сулуулук салондордун биринде жасантып, келбетине болгон ишенимди жаратышкан. Экинчи баскычында алар жана балдары үчүн балаты майрамы уюштурулду. Мындан сырткары мастер-класстар өткөрүлдү. “Айкын багыт” уюмунун жетекчиси Мунара Бекназарованын маалыматы боюнча, мындай иш-чара аркылуу уюштуруучулар аялдардын өзүнө болгон ишенимин күчөтүп, аларды “эч кимге керегим жок” деген ойдон арылтууну көздөшкөн. Иш-чарага Бишкек шаарында жана жаңы конуштарда жашаган аялдар катышты.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, аялдардын 23% зомбулукка кабылат. Ал эми өз алдынча иликтөөлөрдүн биринде бул көрсөткүч 50% деп белгиленет. (КЕ/AiA)

XS
SM
MD
LG