Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Улакчы Куттубек: Көк бөрүнүн кумары сууга секиртти


Куттубек Ташыбеков
Куттубек Ташыбеков

Улакчы жигит Куттубек Ташыбековдун чилдеде сууга түшүп кеткен улакты алып чыккан окуясы Интернетте кызуу талкууга алынууда. Окуя 11-январда Бишкектин четиндеги көк бөрү оюну учурунда болгон. Интернет колдонуучулардын айрымдары муну эрдик катары бааласа, башкалары анын ден соолугуна кабатырланышууда. Улакчы Куттубек Ташыбеков окуя кандайча болгонун "Азаттык" үналгысына өзү айтып берди.

Куттубек: Биздин бул көк бөрү оюнубуз кыш келгенден бери «Дордой» базары жактагы Ак-Бата конушунда эки күндө бир өтүп келе жатат. Оюнду «Дордойдо» иштеген балдар өзүбүз эле уюштурабыз. Мындайча айтканда топ-топко бөлүнүп алганбыз - акча алмаштыруучу жайдагы балдар өзүнчө, оштук балдар өзүнчө, лейлектиктер, күзөтчүлөр, анан биз - мал базарда иштегендер болуп алтымыштай бала ойнойбуз.

«Азаттык»: 11-январда өткөн оюн тууралуу кененирээк токтолуп кетсеңиз?

Куттубек: Бул күнү кар жаагандыктан суунун үстү тоңуп, жер менен бирдей эле болуп, билинбей калыптыр. Ал күнү салыштырмалуу өтө чоң байге деле жок болчу. Беш-алты эчки анан бир кой байгеге сайылган. Бирок улак кызуу болду, аттар такаланганына карабай, муздун ортосуна чейин 2-3 жолу чыгып кеттик.

Ошондо оюн деле аягына чыгып, акыркы байге - койго жеткенбиз. Бир маалда муз жарылып, улакты жоготуп алдык. Мен ал күнү улакты эңе албай ызаланып тургам, андыктан ойлонбостон суудан алып чыгам деп чечтим. Тердеп-күйүп турганыма карабай, чечинип алып, сууга кирдим. Баарына эле “мени видеого тартпагыла” деп айтып жаткам. Бирок видеого акыркы мүнөттөр тартылып калган экен, азыр ошого өкүнүп атам.

«Азаттык»: Эмнеге өкүнүп атасыз?

Куттубек: Бул оюн болчу, мен видеого түшүп, Кыргызстанда талкууга алынарымды билгенде ал кадамга барбайт элем. Айылдан апам менен атам телефон чалып, ден соолугумду сурап, сарсанаа болушту. Анткени улак тартышта жүрүп көп жаракатым бар. Бутумду бир ирет кайрып алгам. Экинчи жаракатым бир ай мурун эле жакшы болгон. Анда аттан кулап, эс учумду жоготуп алыпмын. Эки айдай дарыланып, жаңыдан ойной баштагам, апам ошого кайгырды окшойт. Эмне кылабыз, кумар экен, бул оюнду жөн эле карап туруу мүмкүн эмес. Аттарды көргөндө кан ойнойт, баары унутулат.

Куттубек
Куттубек

«Азаттык»: Ден соолугуңуз жакшыбы азыр, муздак суудан кийин сыркоолоп калбаптырсызбы?

Куттубек: Ден соолук куландан соо. Мен суудан чыкканча эле улакты сүйрөп кетип калышпадыбы, болбосо кийинип алып, улакты өңөрүп, дагы бир-эки айланып чабайын деп жаттым эле. Балдар дароо жылуу кийимдерди беришти, кайра эле оюндун кызыгына батып кеттик окшойт.

Бүгүн кадимкидей туруп, жумушка барып келдим, бир гана сууда жүргөндө муз башка тийген экен, азыр бир көзүм шишип калыптыр. Ошого аябай уялып жатам.

«Азаттык»: Улакты суудан алып чыккан үчүн соорумга эмне тийди?

Куттубек: Соорумга убадаланган бир койду алып келип, өзүмдүн малымдын арасына кошуп койдум. Айыл-апага мени “машина утуп алды”, “төө утуп алды” деген ушактар тарап кетиптир. Бул чакан эле оюн болчу деп айтып өтпөдүмбү, баш байге бир кой, калгандары эчки болчу, ошол кой мага буйруптур.

«Азаттык»: Силер тарткан улак беле же торпокпу?

Куттубек: Жок, ал теке болчу. Бирок текелер салмактуу болчу эле, бул андай деле оор эмес экен.

«Азаттык»: Өзүңүз кайсы жердин кулунусуз, Бишкекте эмне жумуш кыласыз?

Куттубек: Мен Аксы районунун Кызыл-Жар айылынан болом. Балалыгым айылда өткөн, улакты да ошол жерде үйрөнгөм. Азыр 28 жаштамын. Бир кыз, эки уулум бар. Учурда Бишкекте базарда мал сатам.

«Азаттык»: Көк бөрү сиз үчүн эмне?

Куттубек: Бул менен жашоомдун бир бөлүгү. Мен ооруп калганда ат мингенде сакаям. Малды аябай жакшы көрөм. Жайлоо, тоо дегенде өзгөчө ырахат алам. Көк бөрү кыргыздын оюну экенине сыймыктанам, бул оюн бүткүл ааламга жайылса деп тилейм. Бирок сууга кирип кеткенче ойнобогула деп айтар элем. Бул кылыгыман үлгү албоого чакырам, улак тартыш ансыз деле керемет!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG