Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:42

Ош аэропорту кадимки тартипте иштей баштады


Ош аэропорту.
Ош аэропорту.

Коюу тумандан улам убактылуу ишин токтоткон Ош аэропорту кайрадан кадимкидей иштей баштады. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди. Анын айтымында, учурда Ош-Иркутск каттамындагы учак конуп, мурдатан пландалган башка каттамдагы учактар уча башташты.

Ош шаарындагы коюу тумандан улам өткөн түндөн тартып Ош аэропорту ишин токтоткон. Ошондон улам Ош-Москва жана Ош-Иркутск каттамындагы учактар “Манас” аэропортуна конгон.

Мындан сырткары ички каттамдагы бир топ учак сапарга чыккан эмес.(BkA)

XS
SM
MD
LG