Багдаддын борбордук бөлүгүндөгү эки жанкечтинин жардыруусунан кеминде 38 киши мерт болуп, жүздөн ашыгы жаракат алды. Ирактын Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Саад Маандын айтымында, жанкечтилер дүйшөмбү күнү эртең менен Багдаддын Сахет ал-Таяран аянтында өздөрүн жардырып жиберишкен.
Адатта бул аянтка соода кылгандар жана таң эрте жумуш издеп чыккан адамдар көп чогулат. Күбөлөрдүн билдирүүсү боюнча, жардыруулар курулушта иштеген жумушчулар топтолуп турган жерде болгон.
Окуяга азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок "Ислам мамлекети" радикал тобу Иракта ушундай чабуулдарды уюштурганын билдирип жүрөт.
Декабрь айында Ирактын бийлиги бул согушкерлер тобуна каршы согуш ийгиликтүү аяктаганын жарыялаган болчу.