Линктер

шейшемби, 16-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 05:32

Лавров АКШ президентинин Иран боюнча билдирүүсүн сындады


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Москвадагы басма сөз жыйыны. 15-январь, 2018-жыл.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимге шек келтирип жатат" деп АКШнын президенти Доналд Трампты айыптады. Ал мындай сөзүн соңку бир жылдагы дипломатиялык ишмердигинин жыйынтыгын чыгарган 15-январдагы басма сөз жыйынында айтты.

Орусиянын башкы дипломаты Трамптын соңку билдирүүлөрү 2015-жылы дүйнөнүн алты дерважасы менен Иран кол койгон келишимди бузууга багытталганын, мындай аракет акыры макулдашууну жокко чыгарышы мүмкүн экенин кошумчалады.

"Тилекке каршы, биздин америкалык кызматташыбыз диктат менен ультиматумдардын негизинде иш алып баргысы келет", - деди Лавров.

Президент Трамп 12-январда эл аралык келишимдин талаптарына ылайык Иранга каршы киргизилген санкцияларды жеңилдетүү мөөнөтүн узарткан. Бирок ал келишимге кол койгон Европа өлкөлөрү андагы “олуттуу кемчиликтерди” оңдобосо, анда Вашингтон бул келишимден чыгып кетерин эскерткен.

Эл аралык келишимдин алкагында расмий Тегеран өзөктүк программасын чектеп, Батыш жооп иретинде Иранга каршы киргизген санкцияларды жоймокчу болгон.

XS
SM
MD
LG