Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 01:35

Пермь: мектептеги бычакташуудан 15 киши жаракат алды


Пермдеги окуя болгон мектеп, 15-январь 2018-жыл.

Дүйшөмбү күнү Орусиянын Пермь шаарындагы мектепте эки окуучу бычакташа кетип, андан 15 адам жараат алды. Бул тууралуу Пермь аймагынын коопсуздук боюнча жергиликтүү мекемеси кабарлап, бир мугалим менен эки окуучунун абалы оор экенин билдирди.

Окуя шаардагы 127-мектепте болгон. Алгач орусиялык басылмалар мектепке беткапчан эки киши чабуул койгонун жазып чыгышкан. Бирок жергиликтүү расмийлер эки окуучу бычакташканын, аларды ажыратабыз деп башка мугалимдер жана окуучулар жаракат алышканын ырасташты.

Полициянын маалыматы боюнча, бычакташкан эки окуучунун бирөө мурда ал мектепте окуп кеткен.

Жаңжалдан соң мектепте сабактар токтотулуп, окуучулар эвакуацияланды. Бул иш боюнча "киши өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иш козголуп, тергөө башталды.

XS
SM
MD
LG