Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада байгелүү орунга ээ болду


Кыргызстандык окуучулар.
Кыргызстандык окуучулар.

Казакстандын Алматы шаарында өткөн Так илимдер боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык окуучулар эки күмүш жана беш коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси кабарлады. Маалыматка ылайык, математика, информатика жана физика сабактары боюнча олимпиадага Кыргызстандан 28 окуучу катышкан.

Алардын арасынан информатика сабагынан «Ош-Сема» лицейинин 11-классынын окуучусу Мадаминов Акбар күмүш медалга ээ болсо, ушул эле мектептин окуучусу Бакиров Мирбек жана Каракол лицейинин 10-классынын окуучусу Жамалов Өмүрбек коло медалга татыды.

Ал эми математикадан Жекшеев Дослан жалгыз күмүш медалды утуп, физика сабагы боюнча Каракол лицейинин 11-классынын окуучусу Мырзабеков Азамат, "Cambridge Silk Road" мектебинин окуучулары Садиков Артур жана Өмүрбеков Нурдөөлөт коло медалды багындырышты.

Казакстандык математик Орунбек Жаутыков атындагы олимпиада 2005-жылдын бери өтүп келет. Ага 15 өлкөдөн окуучулар катышат.

XS
SM
MD
LG