Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов социалдык тармактарды жөнгө салган мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуш кылды. Анын айтымында, өлкөдө көптөгөн жарандар маалыматты социалдык тармактардан жана интернет-сайттардан алып жатат.
- Социалдык тармактарда текшерилбеген, улут аралык кастыкты козгоочу маалыматтар чыгып жатат. Социалдык тармактарды жалпы маалымат каражаты катары кароо же чектөө боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылыш керек, - деди Примов.
Ал эми юстиция министринин орун басары Равшан Абдуллаев интернет-сайттарды жөнгө салуу тууралуу мыйзам иштелип жатканын, жакында талкууга чыгарыларын билдирди.
Жогорку Кеңеште "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамга киргизилмекчи болгон өзгөртүүлөр талкууланып жатат. Анда маалымат каражаттарын каттоонун мөөнөтүн азайтуу сунуш кылынган.
Талкуу учурунда баяндамачы, юстиция министринин орун басары Равшан Абдуллаев мыйзам долбоору тууралуу суроолорго толук жооп бере албаганын депутаттар сынга алышты. (BkA)