Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:59

Суу кодекси боюнча соттук иш 26-январга жылдырылды


Бишкектин район аралык соту Жогорку Кеңеш кабыл алган Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү четке кагуу боюнча доо арызды карады. Мындай арыз менен жарандык активисттер кайрылган эле. Алар документти кабыл алууда эл өкүлдөрү процедуралык мыйзам бузууга жол бергени үчүн Жогорку Кеңештин “Суу кодексин өзгөртүү жөнүндөгү” токтомун жараксыз деп табууну суранган. Бүгүнкү жараянда парламенттин юристтери катышпаганы үчүн иш 26-январда уланмай болду.

Былтыр ноябрда Жогорку Кеңеш "Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорун кабыл алган, аны жыйынга катышкан 85 депутаттын 63ү колдоп берген. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев документке 23-ноябрда кол койгон.

Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоорунда Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү "эрип кеткендиктен кен казууга уруксат берүү" каралган. Документ ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат. Буга бир катар экологдор, жарандык активисттер каршы чыккан. Алар мыйзам долбоорун өзгөртүү айлана-чөйрөгө олуттуу зыян тийгизерин айтып, аны четке кагууну талап кылып жатышат.

Бийлик Кодекс өлкөдөгү 6771 мөңгүнүн ичинен Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө гана тиешелүү болорун билдирип келет. (BkA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG