Бишкектеги К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде студенттер үчүн заманбап күнөскана курулду. Анын расмий ачылыш аземи бүгүн, 18-январда болот. Ал БУУнун Азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугу уюмунун демилгеси менен ачылып, студенттер теориялык окуудан сырткары күнөсканада тажрыйбалык иштерди жүргүзө алышат.
Кыргызстан айыл чарбасына ылайыкташкан агрардык өлкө болуп эсептелет. Бирок бул тармакта жылыштар болбой жатканын адистер сындап келишет. (КЕ)