Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:43

Дарыгерлер Текебаевдин саламаттыгын текшеришти


Өмүрбек Текебаев.

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ден соолугун дарыгерлер текшеришти. Эми анын жыйынтыгы менен саясатчыны кадимки ооруканага чыгаруу же чыгарбоо тууралуу маселе чечилет. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” кабарлады:

- Абакка сырттан атайын адистешкен эки дарыгер келип Өмүрбек Текебаевдин ден соолугун карап кетишти. Текебаев ошол жерде эле дарыланса болобу же башка ооруканага барып стационардык дарылануудан өтүшү керекпи - ошол дарыгерлер чыгарган жыйынтыкка жараша болот.

Он чакты депутат Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине мурдагы кызматташы Өмүрбек Текебаевди кадимки ооруканага которууну өтүнүп, 11-декабрда кайрылуу жиберген. Экс-депутат менен абакта жолугуп чыккан саясатчылар Текебаевдин кан басымы көтөрүлүп, кыйналып жатканын байкашканын билдиришкен болчу.

21-ноябрда Жогорку сот "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Эки саясатчы "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен былтыр февраль айында камакка алынган. Соттолгондор муну өз оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап жүрүшөт.

Былтыр октябрда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Чотонов Чүйдөгү Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган.

Текебаевдин адвокаттары аны актоону өтүнүп, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине жана эл аралык сотторго кайрылууга даярданууда. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG