Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:58

Украинада Донбасстын реинтеграциясы тууралуу мыйзам кабыл алынды


Украин жоокерлери.
Украин жоокерлери.

Украинанын Жогорку Радасы Донбасстын реинтеграциясы тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Орусиячыл жикчилдердин колундагы аймактардагы мамлекеттик саясатты аныктаган документти парламенттеги 450 депутаттын 280и колдоду. Эми долбоор президент Петро Порошенкого кол коюуга жөнөтүлмөкчү.

Документте Орусия “агрессор жана окупант”, ал эми Донецк жана Луганск облустарынын (Донбасстын) жикчилдер ээлеп алган бөлүктөрү “убактылуу окупацияланган аймактар” деп аталат. Орусия 2014-жылы басып алган Крым жарым аралы да буга чейин ушундай эле сыпатталган.

Мыйзам долбоорунда Европа Биримдигинин арачылыгы менен түзүлгөн Минск келишими тууралуу айтылбайт. Ал тууралуу сөздөр парламенттеги кызуу талкуулардан кийин алынып салынган.

Байкоочулар бул мыйзам Украинанын чыгышындагы урушту токтотууну көздөгөн макулдашууну аткаруу аракеттерин татаалдаштырышы мүмкүн деп эсептешет.

2014-жылдан бери жүрүп жаткан кагылышуу 10 300дөй кишинин өмүрүн алып кетти.

XS
SM
MD
LG