Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Өрттөнүп кеткен автобустун эшиги тосулуп калган


Актөбөдө өрттөнүп кеткен автобустун капталындагы эшик торолуп калган экен. Курман болгондордун көптүгү ушуну менен түшүндүрүлөт. Бул тууралуу Казакстандын Чукул кырдаалдар департаментинин өкүлү билдирди.

"Алдын ала маалыматка караганда электрозым күйө баштаган. Албетте, паника болгон. Элестетсеңер, эки этаж автобус болсо, эшиктери кууш, бирөө тороп калды, үстүнө башкасы жыгылды. Терезелерди талкалоо эч кимдин оюна келбептир", - деди департаменттин Актөбө облусу боюнча бөлүмүнүн өкүлү Виталий Синев.

Бүгүн Актөбө облусундагы Самара-Шымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, бери дегенде 52 киши каза тапты, алардын бардыгы Өзбекстандын жарандары болчу. Кырсык болгон учурда «Икарус» автобусунда 57 киши бараткан.

Автобус Түштүк Казакстан облусунда катталган. Ал Шымкенттен Орусияга бараткан. Жүргүнчүлөр болжолу менен эмгек мигранттары болчу.

Транспорттук унааны пайдалануу эрежесин бузуу боюнча кылмыш иши козголду.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков трагедияга байланыштуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге көңүл айтты. Телеграммада бул окуя орду толгус жоготуу экени, кыргыз эли каза болгондордун туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшөөрү жазылган.

XS
SM
MD
LG