Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Кыргызстанда эл ташыган автобустар текшерилүүдө


Автобекет.
Автобекет.

Кыргызстанда ички жана эл аралык каттамдагы эл ташыган автобустар текшерилип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди. Анын айтымында, мындай чечим 52 адамдын өмүрүн алган Казакстандагы жол кырсыгынан соң кабыл алынды. Текшерүү алкагында министрликтен лицензия алып, эл ташууга ылайыкташкан автобустардын техникалык абалы каралып, талапка жооп бербегендерге чара көрүлөт.

Бейшембиде Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Шымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, бери дегенде 52 киши каза тапты, бардыгы Өзбекстандын жарандары болчу. Кырсык болгон учурда «Икарус» автобусунда 57 киши бараткан. Беш киши жарадар болду.

Автобус Түштүк Казакстан облусунда катталган. Ал Чымкенттен Орусияга бараткан. Жүргүнчүлөр болжол менен эмгек мигранттары болчу. (BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG