Синоптиктердин маалыматы боюнча, Кыргызстандын айрым аймактарында түнкүсүн бир аз кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -2...-7, күндүз +3...+8 градуска жылыйт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -4..1 градус, күндүз +3...+8 градус жылуу болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +2...+7 градус жылуу, ал эми Нарында түнкүсүн -14...-19, күндүз -2...-7 градус суук болот.
Бишкек шаарында жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -3...-5 градус суук, күндүз +5...+7 градуска жылыйт.