Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Сот реформасын эске салган сот чечими


Жогорку сот.
Жогорку сот.

Уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары башында 18 жылга соттолгон Чыңгыз Жумагуловдун эки жылга жетпей абактан мөөнөтүнөн мурда чыгарылышы сотторго карата сын пикирлердин жаңы толкунун пайда кылды.

Милициянын каттоосунда уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары турган Чыңгыз Жумагулов Ленин райондук сотунун чечими менен 17-январда абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу жаза менен эркиндикке чыкты. 2016-жылы кармалган Жумагуловду райондук сот 18 жылга соттосо, шаардык сот анын жаза мөөнөтүн 13 жылга кыскарткан. Ал эми Жогору сот жети жыл жаза чектеген. Бирок анын бир жылдан кийин эле абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу жаза менен эркиндикке чыгып калышы сотторго карата сын пикирлерди күчөттү.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулованын айтымында, соттор ар тараптан көз каранды болгондуктан адилетсиз чечимге барган учурлары арбын.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

- Чындап эле калыс чечим чыгарган соттор аз. Муну өзүңөр деле көрүп жатпайсыңарбы. Уюшма кылмыш тобунун мүчөсү деген адамга райондук сот 18 жыл берип жатат. Ал эми Жогорку сот болсо иштерин кыскартып туруп жети жыл гана берип жатат. Ал болсо бир жыл отургандан кийин "мөөнөтүнөн мурда" деп чыгарып жиберишти. Маалымат каражаттары боюнча иштерди, Өмүрбек Текебаев, Канатбек Исаев жана башка саясатчылардын ишин айтпай эле коёюн. Анан "сот реформасын кылып койдук" деп кыйкырып жатышат.

Сот реформасы демекчи, кыргыз бийлиги 2010-жылдагы апрел окуясынан кийин сот адилеттигин орнотууга убада берген. Бийлик судьялардын 60-70 пайызы жаңыланганын, алардын айлыктары көбөйүп, материалдык-техникалык шарттары жакшырганын айтып келет. Бирок эркин серепчилер бул аракеттер судьяларды мурдагыдан да көз каранды кылды деген ойдо.

- 2014-жылга караганда 2017-жылы сот системасына бюджеттен бөлүнгөн акча 50 пайыздан да көбөйдү. Жабдык берип жатышат, айлыктарын абдан көбөйттү, сотторду акча, каражат, материалдык жагынан жыргатып эле жатышат. Бирок соттор ошончолук бузулуп жатат. Тескерисинче болуп жатат. Эсеп жок, - дейт Клара Сооронкулова.

Ал арада Башкы прокуратура ушул жумада Нарын жана Ош шаарларындагы эки судьяга каршы кылмыш ишин козгогону маалым болду. Акыркы төрт жылда болсо жалпы 62 судьяга кылмыш иши козголгон.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов жалаң эле судьяларга доомат артууга каршы. Ошол эле кезде ал "сот реформасы карапайым элдин сотко ишенимин жараттыбы" деген суроо коюуда.

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

- Сот реформасынын негизги максаты эмне? Ал ким үчүн жасалып жатат? Эгер сотко кайрылган Кыргызстандын карапайым жараны "менин укугум корголуп калды" деп айтса, анда "чындап эле сот реформасы болуп жатыптыр" деп айтса болот.

Жогорку соттун судьясы Кеңешбек Токтомамбетовдун айтымында, сот чечимине сөзсүз бир тарап нааразы болот. Ал судьялар чечим чыгарарда Конституцияны, мыйзамдарды жана өзүнүн ички ынанымын жетекчиликке алат деп ишенет.

- Сот системасын оңдош үчүн сот реформасы судьялардын өзүнөн, жарандык коомдон, жакшы мыйзамдарды кабыл алуу сыяктуу иш-аракеттерди талап кылат. Калкты укуктук жактан да тарбиялаш керек. Менимче, үстүртөн эле судьяларды жамандаган да туура эмес. Чечимди алардын пайдасына чыгарбагандыгы үчүн сотко кайрылгандардын 50 пайызы дайыма нааразы бойдон калат. Муну да эске алыш керек.

2016-жылдагы референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, мыйзам бузган соттордун ишин жаңы түзүлгөн Тартип комиссиясы карап, аларга чара көрүү же көрбөө тууралуу чечим кабыл алат. Тогуз кишиден турган комиссия курамынын үчтөн бирин президент, үчтөн бирин парламент, үчтөн бирин соттор өздөрү шайлайт. Учурда Жогорку Кеңеш Тартип комиссиясына өз өкүлдөрүн тандай элек.

Өткөн жылдын акырында Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамы да ишке кирди. Сотторду тандоо кеңеши 2010-жылдан кийинки сот реформасын жүргүзүү демилгесинин алкагында түзүлгөн негизги орган болгон. Алар судья болгусу келгендерди үч баскыч менен тандап, мыктыларын дайындаш үчүн президентке сунуш кылат. Кыргызстанда жалпы жонунан 447 судья бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG